• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкектен Ысык-Көлгө эми поезд каттайт

11 Кулжа 201816:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11. 06. 2018. Govori.TV

15-июндан тартып Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Маалыматка караганда, 15-июндан 29-июлга чейин поезд жума жана дем алыш күндөрү жүрсө, 30-июлдан 10-сентябра чейин күн сайын каттайт.

Билет баасы, чоңдор үчүн  69 сом, ал эми  балдарга (5-10 жаш) 34 сом.

№ 608 «Бишкек I-Балыкчы» жана № 609 «Балыкчы-Бишкек I» поезд каттамы 15-июндан 29-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 30-июлдан тартып 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.

 

Количество просмотров: 122