• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

19-июнда күтүлгөн аба ырайы

18 Кулжа 202516:03 Бишкек Govori.TV

19-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 36…41;

Талас жергесинде түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Баткен облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 36…41;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23…25°, күндүзгү жогорку температурасы 38…40° болот.

Количество просмотров: 342