19 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты
19 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты
11 ноября 2021 в 15:58 Бишкек Govori.TV
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 19 арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошентип, 2021-жылы 28-ноябрга белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан катышууну каалаган талапкелердин саны 302ни түздү.
Атап айтканда, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти:
Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Чодуев Эркинбек Урайымович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Нусубалиев Токтоналы Сатарович, №21 Талас шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Малдыбаева Салиман Жанузаковна, №36 Ысык-Көл шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Жумабекова Акылсайра Кадыралиевна, №35 Ак-Суу шайлоо окуругу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Карагулов Улан Айтбекович, №31 Чоң-Кемин шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Шакиров Асан Шакирович, №13 Сузак шайлоо окуругунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Мирзакметов Нурболот Сабиржанович, №13 Сузак шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Калматов Талас Сагынбаевич, №4 Көк-Жар шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Карашев Аалы Азимович, №12 Өзгөн шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
Жаныбеков Боконбай Жаныбекович, №9 Кара-Суу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
Ошентип, 2021-жылдын 11-ноябрына карата 302 талапкер шайлоого катышат.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
• Баткен облусу – 37 талапкер;
• Ош облусу – 54 талапкер;
• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер;
• Талас облусу – 14 талапкер;
• Чүй облусу – 62 талапкер;
• Бишкек ш. – 27 талапкер;
• Нарын облусу – 29 талапкер;
• Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.
«КР БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” бөлүгүндө талапкерлердин маалыматтары жана программалары менен таанышууга болот, ошондо эле талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалымат жайгаштырылган», деп айтылат маалыматта.