• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

19-январь. Күндүн ыргагы. Кош, Атажурт, уулуң кетти бизнеске!

19 Үчтүн айы 2018 19:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.01. 2018. Govori.KG

Бүгүн, 19-январь күнү түшкө маал, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри, Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика-Атажурт” партиясынын лидери, 2017-жылы өлкөдө болуп өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, шайлоочулардын 568 665нин добушун же 33,49% шайлоочунун ишенимине татыган Өмүрбек Бабанов саясат менен кош айтышты…

Тагыраак айтканда, бүгүн Борбордук Шайлоо Комиссиясы Өмүрбек Бабановдун өз колу менен жазылып, күбөлөндүрүлгөн арызын карап, мүчөлөрдүн бир добуштан колдоосу менен аны мандатынан ажыратты. Ошону менен кыргыз жаш саясатчыларынын көч башында жүргөн, дайыма саясатта чүкөсү айкүр конуп, үч жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп келген, эки жолу Өкмөт башчынын орун басары, бир жолу Өкмөт башчы болуп кыргыз элине кызмат кылган саясатчы мындан ары жеке ишкерлик менен алектене турган болду.

Ал саясатка ишкерликтен келген. Алгач,  2005-жылы Талас облусунан Кара-Буура округунан Жогорку Кеңешке ат салышып, алдыга озуп келген жайы бар.  Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында алгач анын саясатына каршы чыгып, 2006-2007-жылдардагы Акүйдүн алдындагы миңдеген адамдар чыккан митингдерде Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимкановдор менен бирге жалындуу сөз сүйлөп, бийликти реформага чакырып жүргөнү эсибизде. Андан соң, акырындык менен деми басылып, Алмазбек Атамбаев Бакиевге премьер-министр болгондо, ал да Өкмөттүн экономикалык блогун тескеген вицеликке жеткен. Кийин, парламенттик шайлоого партиялык тизме менен келгенде КСДП партиясынын штабын жетектеп, өзү Жогорку Кеңешке депутаттыкка илинип, бирок, ордун ал кездеги оппозиционер Роза Отунбаевага бошотуп берген жигиттиги саясатта айтылып жүрөт.

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин “Республика” аталышындагы өңчөй ишкерлерден турган партияны түзүп, шайлоодо жеңишти камсыздаган.

2015—жылдагы шайлоодо болсо “Атажурт” партиясы менен өзүнүн партиясын бириктирип, “Республика-Атажурт” партиясын түптөө менен парламентке кайтып келген.

Ишенимдер “ит” болду…

Ооба, ал мындай чечимди күтүүсүз чыгарды. Президенттик шайлоодо Кыргызстанды тез өнүгө баштаган он мамлекеттин бири кылууга убада берип, таанылгыз реформаларды жүргүзө тургандыгына ишендирип жаткан Өмүрбек Бабановдун ойлору шайлоодон берки эки ай ичинде таптакыр башкача болуп чыга келип, анын сөзүнө ишенип, таттуу кыялга баткан жарым миллиондон ашуун жарандын үмүтүнө суу бүркүлдү.

Баса, ал президенттик өнөктүк жүрүп жаткан маалда, ошончодон потенциалдуу талапкер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго теле дебатта туш келген. Диалог учурунда атаандашы Өмүрбек Токтогуловичке кол кезеп, “Сен коррупция менен күрөшө албайсың, аны менен мына мен күрөшөм. Корупцияга каршы күрөштү болсо мына так сенден баштаймын. Сага бере турган 25 суроом, ага сен бир күндө эмес, айлап-жылдап жооп бересиң. Мен билген 35тей коррупционер бар. Аларды төлөтүп, мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз. Ким, кантип байыганын мен жакшы билем”,-деп айткан эле.  Ага болсо “Менден Бакиевдер эч нерсе тапкан эмес, Жээнбековдор да таба албайсыңар”,-деп каяша узаткан.

Бирок, президенттик шайлоонун учурунда Өмүрбек Бабанов эки жерден чоң тактикалык ката кетирди. Биринчиси, ал шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда болуп, бул жолугушууда, Нураке биздин мамлекет жаш президент шайлап алышы керектигин астейдил каалап жиберген. Муну казак теле каналдары жаңылык кылып көргөзүп, ал улам бир интернет  сайттарга чыгып, “Өмүрбек Бабановдун эл аралык саясий аренада орду бар” дегендей маанайдын жаралуусуна жан үрөгөндөй болду. Бирок, тескерсинче, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев анын бул кадамына катуу каарданып,  Өмүрбек Бабановду болгон мамлекеттик маалымат ресурстары менен чабуулга алды. Ал тургай ачуусу менен коңшу мамлекеттин жетекчилигин да каарып, мунун натыйжасында эки айдан ашуун Кыргызстанды Казакстан экономикалык блокадага алды. Алар Кыргызстандан чийки продукцияны өткөрбөй, жарандардын өтүшүн тыкыр текшерип, Кыргызстанга транзит аркылуу келүүчү товарларды да көзөмөлгө алып, чек араны маал-маалы менен жаптырып, кыйнап коюшту.

Бабановдун шайлоо учурундагы дагы бир жаза басканы-Ош облусундагы өзүбек туугандарыбыздын эң жыш жайгашкан Он-Адыр айылындагы эл менен жолугушууда бир аз сөзүнөн жаңылганы болду. Ооба, чындыгында, президенттикке талапкердин жаман деле ою жок болчу, эч кандай элге, улутка деле шек келтирбей, болгону, бийликтин административдик кысымына жаны ачышып, элди ошол админресурска каршы туралы деген мааниде “Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык!”,-деп ураан таштаган. Муну болсо ансыз да талапкерден өөн-апкыт таппай турган каршы күчтөр, асыресе атаандаштар өз каалаган багытына буруп салышты. Мамлекеттик коомдук канал баш болуп, бүт бийликтин медиа-ресурсу “Өмүрбек Бабанов улут аралык кастыкты уюштурганы жатабы? Ал ачык эле эки улутту бири-бирине чабыштырууну көздөп жатабы? Ош окуясы эсинен чыгып кеткен го? ” таризинде ур-тепкиге  алып жатып калышты. Ошоун менен Өмүрбек Бабановдун алдынан так, башынан бак тайып, шайлоодо жеңилүү ызасын тартып, а дегенде шайлоо жыйынтыгын тааныбай, бирок, тагдырына макул болду.

Кылмыш иши кыскарабы?

Ошентип, шайлоо аяктактап, Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө Президенттике киришип жаткан чакта Башкы Прокуратура Өмүрбек Бабановго ошол Он-Адырдагы сөзү боюнча “улут аралык кастыкка чакырык таштоо” деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Бул маалда, ал Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен болчу. Прокуратура аны таппай калды, ал болсо сырттан “өзүнө козголгон ишти саясий куугунтук” катары баалаган билдирүүлөрдү жарыялап турду.

Коомчулукта болсо, “Сооронбай Жээнбеков эми баягы 25 суроосун берип баштайт го? Өмүрбек Бабановдун байлыктарын мамлекетке кайтарып жибербейби,ыя?” деген көп суроолор пайда болуп турду. Аңгыча болбой эле,  Өмүрбек Бабановдун жеке менчиги болгон, өлкөдөгү кубаттуу техникалык ресурсу бар  “НТС” телеканалына доочу пайда болду. Көрсө, 2010-жылга чейин аталган каналды мурдагы Президенттин уулу Максим Бакиевдин айланасындагы адамдар ээлик кылганын айтып, сотко каналды кайтарып алууга арыз жазышыптыр. Кыргыз соттору болсо бул арызды баса калып карап, доочуларга ыңгайлуу чечим чыгара салышкан экен, жалаңдаган сот аткаруучулар ошол күнү эле НТСке келип, каналды ээлеп, жаңы, апей, эски ээсине берүү аракетине өтпөспү?! Чагылгандай тездик менен!  Ошону менен Өмүрбек Бабановдун байлыгына көз арткандар четтен чыгып, аңгыча борбордун четиндеги “Риом” авто унаа базарынын да тээ илгерки ээси Борис Воробьев  да базарын доолаган билдирүү жасап жиберди.

Ушул себептерден уламбы, же чындап эле саясаттан көңүлү калдыбы, айтор, Өмүрбек Бабанов жаңы 2018-жылдын алдында, 30-декабрда расмий билдирүү таратып, саясаттан кетип жатканын, партиясын, фракциясын, мандатын да  өткөрүп берээрин айтып, анын саясаттагы командасын кодулабоону азыркы бийликтен өтүндү.  Эми мындан ары ал кайра кайрылып саясаттын талаасынан көрүнөбү же эл аралык деңгээлдеги ишкер, инвестор катары калган өмүрүн өткөрөбү, азырынча белгисиз. Баса, ал го саясаттан кетти, ал эми Президент болгон Сооронбай Жээнбеков эл алдында убада кылган 25 суроосун узатып,  Өмүрбек Бабановдон жооп алабы же, “качкан жоону катын саят кылбайын”  демиш болуп, саясаттагы атаандашынан кутулганына сүйүнүп, ушуну менен унуткарып койобу?

Бийликтен таттуу байлык

Саясат менен кош айтышкан Өмүрбек Бабановдун артында анын бийликке алмашкыс ири байлыгы калды. Айталы, өлкөдөгү барандуу банктардын бири “АКБ Кыргызстан” банкы, Орто Азиядагы эң  чоң унаа базарларынын бири болгон “Риом” авто унаа базары, Бишкекке бытлыр жаңы салынган “Азия Молл” соода комплекси, “НТС” телеканалы жана мындан башка айыл чарба жерлери, май сактоочу станциялары ошондой эле кирешелүү соода түйүндөрүндө, курулуштарда акциялары бар экендиги эл арасында айтылып жүрөт. Ошондой эле Орусиянын Пенза шаарында турушу эле 700 млн АКШ доллары болгон цемент заводу бар экени анык. Айтмакчы, кайсы бир жылдары Өмүрбек Бабановду Түркиялык ири бизнесмендер менен чайлашууга барып, ал жактан байлыгынын 1,7 млрд доллардан ашканы тууралуу сөз болуп, “граф“ деген дүйнөлүк ишкерлер аарсындагы бейрасмий наам алганы тууралуу да маалыматтар чыккан эле.

 

Количество просмотров: 25