Кыргызстанда 24-августка карата 199 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 96 адам;
— Чүй облусунда 45 адам;
— Ысык-Көл облусунда 29 адам;
— Нарын облусунда 9 адам;
— Баткен облусунда 8 адам;
— Талас облусунда 5 адам;
— Ош шаарында 4 адам;
— Жалал-Абад облусунда 2 адам;
— Ош облусунда 1 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 444 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 266 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 10 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 167 миң 146 киши айыгып чыкса, 2 миң 494 адам каза болду.