• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2,5 млн сом зыян келтиришкен: Ысык-Көл РЭТнин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

14 Жалган куран 2022 11:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун (ААК) Ысык-Көл райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, “Чыгышэлектр” ААКнын Ысык-Көл (Чолпон-Ата ш.) РЭТинин кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, райондун аймагында жашап жаткан абоненттерге электр энергиясын эсептөөчү эсептегичтерди орнотпостон, абоненттерди электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз туташтырышкандыгы жана карыздары өтө чоң сумманы түзгөн абоненттердин карыздарын жашыруу максатында жаңы эсептөөчү эсептегичтерди орнотушкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, адамдар жашабаган турак үйлөргө же имараттарга карата электр энергиясын колдонуп, карыздары чоң өлчөмдү түзгөн деп иш кагаздарды түзүшүп, кийин электр энергияга болгон карыздарды мыйзамсыз жоюу менен эсептен чыгарышкан.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпы 2 млн 547 миң 744 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 350