• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген

6 Кулжа 2022 13:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө, министрликтин кызмат адамдары кызматынын абалынан пайдаланып, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кызмат абалдарын пайдаланышып, иммуносупрессивдүү дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектердин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатылып алынган дары-дармектердин санын азайтышкан.

Андан соң, 2021-жылдын ноябрында алар «Ю.Х.» ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 млн. сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүшүп 4 млн. 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-бер. (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-бер. (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 72