• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кантта чиновниктер мамлекетке 52,4 млн сом зыян келтирген

16 Бештин айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Кант шаарында мамлекетке 52,4 млн сом зыян келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Кант шаарынын мэриясында бюджеттик мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын кызмат адамдарынын атайылап жасалган коррупциялык аракеттеринин натыйжасында Кант шаарындагы суу менен камсыздоо, канализация комплексин ижарага берүү келишимин түзүүдө жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда мамлекеттин эсебине жалпысынан 52 млн 420 миң 637,73 сом өлчөмүндөгү өзгөчө ири зыян келтирилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 98