• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Чек ара чырында тажик жарандары уурдап кеткен 2 унаа кайтарылды

5 Бугу 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

Чек арадагы куралдуу кагылышууу учурунда тажик жарандары тарабынан уурдалып кеткен 2 унааны Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматкаылайык, 4-майда тажик тарап “Кулунду – унаа жолу” өткөрүү бекети аркылуу Hyundai жана Жигули маркасындагы 2 унаа кайтарылды. Алар Тажикстандын жарандары тарабынан Кыргызстандан уурдалып кеткен.

Белгилегендей, бүгүн КР УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын директору, полковник У.Шаршеев жана КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев аскердик аракеттердин жүрүшүндө жабыркаган чек ара иамараттарын кыдырып, текшерип жүрүшөт.

КР УКМК Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл линиясында көзөмөл жүргүзүшүүдө.

Количество просмотров: 13