• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

2 адамды мыкаачылык менен сабагандар СИЗО-1де чын эле токмок жешкен

24 Аяк оона 2019 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алып кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де сабалды деген маалымат тараган.

Ал эми кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулаймановдун билдирүүсүнө ылайык, шектүүлөр мындай маалыматты четке кагууда. Борбордун кызматкерлери мындай абалдын себебин сурашканда, бири керебеттен кулап кеткенин, экинчиси ажатканага бара жатып тайып жыгылганын айтышканы тууралуу маалымат тараган.

Сабалганы же чын эле кокустуктан улам жаракат алган бул эки шектүүнүн колдоруна гипс салынган. Бул тууралуу сүрөттөр Govori.TVга окурмандар жиберишкен.

Эске салсак, кылмышка шектүү ага-ини камерада ар кандай кылмыштар боюнча шектелген адамдар менен отурушат.

Количество просмотров: 14782