Эртең, 2-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20-метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+8
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+13
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз +6…+8 градус болот.