Бишкек.19.11.2018.Govori.TV
Анын айтымында, 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйдөгү батирде жылуулукка байланыштуу маселе жаралган. «Бишкек жылуулук» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери батирдеги үйүлгөн таштандыдан улам оңдоо иштерин жүргүзө алган эмес. Акыры «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери чакырылган.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул батирде жашаган 80 жаштагы кожойкеге байланыштуу кошуналарынан бир нече жолу арыз-даттануулар болгон.
«Анын (кожойке) 7-кичи райондо дагы 3 бөлмөлүү батири бар. Ал дагы таштандыга толгон. Андан 40 унаа таштанды чыгышы мүмкүн», — деди «Тазалык» ишканасынын кызматкери.