2-февралда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, ал эми күндүз -1…-6;.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15° градус суук.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 градус суук болот.