Эртең, 2-июлда Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысык болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 20…22°, күндүз 34…36° ысык болушу күтүлөт.