• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

2 медкызматкерден коронавирус аныкталды

24 Бугу 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир күн ичинде 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Өлкөдө жалпы 275 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 230 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкүгө карата 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган»,-деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 84