• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

2 млн сомго адам өлтүрүүгө буйрутма берген жаран кармалды

20 Кулжа 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда эки млн сомго адам өлтүрүүгө буйрутма берген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам маалымат боюнча, Баткен облусунун жашоочусу акча каражатын алуу максатында М.Ж. аттуу жаранды уурдап, өлтүрүүнү уюштурган. Ал өзүнүн тааныштарына эки млн сом үчүн кылмыштуу буйрутма берген.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунда жашаган адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң, уурдалган адамдын сүрөтүн уюштуруучуга көрсөтүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашкан.

Кармалган шектүүлөр: уюштуруучусу, мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 63 жаштагы П.А., буюртманы аткаргандар 43 жаштагы Р.А. жана мурда бир нече жолу соттолгон Т.А..

Шектүүлөрдөн баңгизаты табылып алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (“Кылмышка даярдык көрүү”) жана 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6,8-пункттарында (“Төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда алар Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалышты.

Количество просмотров: 6811