• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

2 млн сомго жакын бааланган тамеки буюмдары конфискацияланды

7 Баш оона 202313:09 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2 миллион сомго жакын бааланган тамеки буюмдарын мамлекеттин эсебине конфискациялады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 21-июлда Баткен райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. 100 миң сом айып салынган, ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 миң 960 куту тамеки табылган.

Количество просмотров: 101