• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Биринчи май сотунун сот аткаруучусу конфискацияланган этти сатып жиберген

3 Бирдин айы 2020 12:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергени белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы аныктагандай, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн. Бирок Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле, 150 миң долларга сатып жибергенин аныктаган. Маалыматка ылайык, сот аткаруучу болгону 5 тонна этти жок кылган.

Кармалган сот аткаруучу Жазык кодексинин 98-беренеси («Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу») боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

2018-жылы «Кытайдан мыйзамсыз алынып келди» деген жүйө менен кармалган 80 тонна өрдөк этине байланыштуу чыр эмдигиче аягына чыга элек. Ал окуяда өкмөт аппаратында жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта иштеген аткаминерлердин аттары аталганы белгилүү

Количество просмотров: 85