• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мурдагы депутат мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду

31 Бугу 2021 10:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин казынасына 100 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ЖКнын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

«Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок. Бирок Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулган.

Количество просмотров: 3199