• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

2-октябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт

30 Аяк оона 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 2-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

«Түндүкэлектр» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы жекшемби күнү 2-октябрда «Центральная-1» көмөк чордонуна пландык иштерди жүргүзөт. Электр энергиясы өчүрүлгөн аймакка «Белинский» суу топтомосу кирет.

Муздак ичүүчү суу токтотулган учурда «Белинский» суутоптомосунда, ошондой эле суутоптомону кышкы мезгилге даярдоо максатында шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Өчүрүү району: Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү. Турак үйлөрдө, мектептер, балдардын мектепке чейинки мекемелери, саламаттыкты сактоо объекттери, башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай багытындагы мекемелерде суу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 210