Эртең, 2-октябрда өлкөнүн аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +5 … +10;
Талас облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз +4 … +9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +12 … +17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +8 … +13;
Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +8 … +13 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн +4 … +6, күндүз +8 … +10 градус болот.