• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2-сентябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

1 Аяк оона 2020 16:39 Бишкек Govori.TV

2-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.

Количество просмотров: 251