• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

15 Бугу 202315:08 Бишкек Govori.TV

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышу ниети жөнүндө буга чейин берген арыздарын 2 адам чакыртып алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алар:

  • Кадралиев Асылбек Мэлсович;
  • Медеров Азамат Медерович.

Ошентип, талапкерлердин саны 30 болду.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген. 8-майда башталган үгүт иштери 27-майга чейин уланат. Буга чейин аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 74