• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2 жашар кызын 14 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

5 Бугу 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунун Дангара районунда эки жашар кызын 14 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-мартта ички иштер бөлүмүнө арыз түшүп, анын негизинде укук коргоо кызматкерлери кызын сатууга аракет кылып жаткан аялды колго түшүрүшкөн.

Кармалган аялга карата «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн тиешелүү документтер райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 1364