• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

2 жаштагы баланы шымына сийип салгандыгы үчүн сабаган деп шектелген келин тергөө абагында төрөдү

6 Бугу 201918:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Ошто кайнисинин 2 жаштагы баласын шымына сийип салгандыгы үчүн сабаган деп шектелген 30 жаштагы келин тергөө абагында төрөдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

«Шектүү бир ай мурун эркек бала төрөгөн. Ал учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Анын ишин Ош шаардык соту карайт. Бирок учурда сот отурумунун күнү белгилене элек», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, ушул жылдын 10-январында Ош облустук ооруканасына ур токмокко алынып, оор абалда түшкөн бала каза болуп калган. Кийин Ош ШИИБи бала жеңеси тарабынан сабалып, мындан улам каза болушу мүмкүн экендигин маалымдаган. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.


Количество просмотров: 18