• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

2 жашында катуу сабалган Ибрагимге жардам керек

4 Бештин айы 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

2015-жылдын 11-январында 2 жаштагы Ибрагим катуу сабалып, Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткырылган. Эс-учу жок абалда алып келинген наристе оорукананын өзүндө 2 айга чукул убакыт комада жаткан. Кайгылуу окуяны башынан өткөргөн Ибрагимге жардам керек.

Анын экинчи апасынын айтымында, ооруканага жаткырылган учурдан тартып Ибрагим шал оорусуна чалдыккан. Буга чейин Орусияда жана Кыргыз жериндеги ооруканаларда дарыланышкан.

Ибрагимге жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом номуру: 700 207 505 жана KICB банкындагы банктык эсеби:  1280016027811327. Алуучу Диана Сайимова.

Количество просмотров: 1243