• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

1 жаштагы Ислам жардамга муктаж

11 Жалган куран 2022 18:29 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 31-декабрында туулган Ислам Маралбеков төрөлгөндөн тарта эле оор илдеттин түрү менен жабыркап келет. Ымыркайдын апасынын айтымында, 2021-жыл 1-январь айында биринчи операциясы жасалып колостома коюлган, андан көп өтпөй бөйрөгүнөн операция жасалган.

«Уулум төрөлгөндө эле диагнозун уккан жолдошум баласынан баш тартып, жолдошум экөөбүз эки ажырым жолго түштүк. Жалгыз бой энемин. Учурда баламдын абалы оор болуп турган убагы. Тез арада Турция мамлекетинен операция жасалышы керек. Кайрымдуу кыргыз элим көп түкүрсө көп болот дегендей менин балам Исламдын өмүрү үчүн колуңуздардан келген жардамыңыздарды берүүңүздөрдү суранам», — дейт Исламдын апасы.

Нет описания.
Количество просмотров: 240