8-класстын окуучусу Кубан уулу Хасан эртең менен мектепке кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу өспүрумдүн жакындары билдирди.
Алардын айтымында, окуя 27-сентябрь күнү болгон.
«Ак-Өргө жаңы конушундагы №84 мектептин 8-классынын окуучусу Хасан сабактан чыккан боюнча табылбай жатат», — деп билдиришти жакындары.
Көргөн-билгендер болсо төмөнкү номурлар аркылуу, 0702 000 304 эжекесине, 0700 613 152 апасына, 0707 441 150 атасына кабар берсе болот.