• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

20-апрелде күтүлгөн аба ырайы

19 Чын куран 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6°.

Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22° болот.

Количество просмотров: 680