• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

20-июлда күтүлгөн аба ырайы

19 Теке 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 20-июлда Ош, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүз 34…36 гралуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 568