• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

20-майда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

19 Бугу 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

20-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24 градус болот.

Количество просмотров: 439