• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

20-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

19 Жалган куран 2021 17:38 Бишкек Govori.TV

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай 20-марттан 22-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, автожолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.

20-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…-7, күндүз +14…+19;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус суук болот.

20-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +6… +7°, күндүзгү жогорку температурасы +16… +18° жылуу болот. (ErN)

Количество просмотров: 781