• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноталары жүгүртүүгө чыгат

20 Бештин айы 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2018-жылдын 20-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноталары жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноталар улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт. 

IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноталар төмөнкүлөрдү камтыйт: 

· Классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет. 

· MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана). 

· Чыгарылган жылы: 2016. 

Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттору Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгырылган жылына көз карандысыз төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.  

Количество просмотров: 105