• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

20 жыл Казакстанда документсиз жүргөн аял Кыргызстанга кайтарылды

31 Жалган куран 20239:27 Бишкек Govori.TV

2003-жылдан бери ким экенин ырастаган документтери жок, оор турмуштук кырдаалга кабылып, Казакстанда жүргөн 56 жаштагы М.К.Ш. аттуу кыргызстандык аял мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 30-мартта маалымдады.

«Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо аракетинде. Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана «Жаш Муун» диаспорасынын өкүлдөрү 2003-жылдан бери Казакстанда документи жок жүргөн 56 жаштагы аялды, 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кызды Кыргызстанга кайтарып келди», — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 149