Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Социалдык түйүндөрдө 1982-жылкылар 20 жылдык мааракеге унаасына окшош номер тагып келгени популярдуулук жаратууда. Бул видео материалды инстаграм колдонуучусу ОМКS баракчасына жөнөткөн.
Анда мектептин алдындагы токтоп турган ар кандай үлгүдөгү унаалардын баардыгынын той ээлеринин жылына шайкеш келип, бир өңчөй 082 деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Бирок, бул окуя кайсы жакта катталганы айтылган эмес.