Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драма театрынын артисттери социалдык тармакка «200 миң доллар табыш үчүн маданияттын кызматкерлери 210 жыл иштеши керек» деген видео тасма чыгарышты.
Анда жакында эле пара менен кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысынын 200 миң доллар пара алганы кыргыз акчасы менен 13 млн. 600 миң сом болорун статкомитети аныктап чыкканын айтышат. Ошондой эле маданият кызматкерлери орточо эсеп менен 6-7 миң сомдук айлыгы алганы үчүн бул суммадагы акчаны табыш үчүн кеминде 210 жыл кызмат кылышы керектиги айтылат.