• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

$200 миң опузалаган: Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси кармалды

24 Жетинин айы 2023 15:08 Бишкек Govori.TV

200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 23-ноябрында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.дан 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында М.Т.А. Кыргыз Республикасынын А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, материалдык пайда алуу максатында, рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.га карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган. М.Т.А. А.П.Н. жана А.А.Н. менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директору А.Б.А.дан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы такталды.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү жана ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Количество просмотров: 145