Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV.
Бүгүн, каржы министрлиги 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берүүдө. Анда 2018-жылы жетпей калган бюджеттин каатчылыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.
Гранттык каражаттар, салыктык эмес кызматтардан жана Евразия экономикалык биримдигинен түшчү каражат дагы түшпөй калганын финансы министринин орун басары Алмазбек Акимов билдирди.
«2019-жылы бюджетте маянаны көбөйтүү боюнча медициналык кызматкерлерге гана каралган. Азыр болсо мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча дагы тапшырма келип түштү. Бул маселе дагы жакын арада чечилет»,-деди финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов.