Эсептөө палатасы кезектеги отурумунда стратегиялык маанидеги ири ишканалардын бири — «Кыргызнефтегаз» ААКтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин корутундусун карады.
Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган каржылык эреже бузуулардын жана олуттуу кемчиликтердин жалпы суммасы 967 млн 824,3 миң сомду түздү.
Анын ичинен өндүрүштүк чаралар өз убагында көрүлбөгөндүктөн, ишкана 494,9 млн сом кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган. Ошондой эле ишканада айлыктарды бөлүштүрүүдө жана жол-жоболоштурууда 281,4 млн сомдук башаламандыкка жол берилген.
«Мындан тышкары, жетекчиликтин шалаакылыгынан улам 120 млн сомдук карыздар менен тийиштүү иш жүргүзүлгөн эмес. Негизсиз чыгымдар 53,9 млн сомду түзүп, капиталдык курулушта 6,4 млн сом, ал эми мамлекеттик сатып алууларда 2,1 млн сомдук эреже бузуулар катталган», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аныкталган каражаттын ичинен 135,8 млн сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш. Учурда анын ичинен жерлерди калыбына келтирүүдөгү мыйзам бузуулардан келип чыккан 8,9 млн сому гана иш жүзүндө казынага кайтарылды.
«Эсептөө палатасы ишкананын жетекчилиги ички ресурстарды натыйжасыз пайдаланып, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү сарптоо принцибин орой түрдө бузгандыгын белгилейт. Кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча эскертүүлөр берилди. Бул ири чыгымдарга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары жакында укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет»,-деп айтылат маалыматта.