• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды

1 Үчтүн айы 2020 13:25 Бишкек Govori.TV

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди.

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы  да уланат.

Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.

Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим.

Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 835