Кыргызстанда 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо» жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда бизнес тармагы оор жоготууларга учурады.
«Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо» жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз», — дейт Мусуралиев.