• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

2022- 2023-жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер жогорулайт

1 Тогуздун айы 2021 18:26 Бишкек Govori.TV

2022- 2023-жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10%га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).

Белгилей кетсек, 2021-2025-жылдарга карата Министрлер кабинети тарабынан электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат.

Количество просмотров: 138