Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана жашы жете элек балдарга карата кылмыштар актуалдуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы республикада 41 миң кылмыш катталса, анын 4 миңге жакыны оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирет.
Башкы прокурор кошумчалагандай, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган.
«Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган», — деди ал.