• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Бишкекте жашыруун кумаркана табылды

11 мая 2018 в 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.05. 2018. Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкекте жашыруун иштеп жаткан кумаркананын бетин ачты. Бул тууралуу маалыматты аталган органдан таратышты.

Анда белгилүү болгондой, шаардын Ош базары тараптагы Бейшеналиев көчөсүнүн 36/1  дарегинен мыйзамдарга каршы келген уюшкан кумаркана табылган. Оперативдүү маалыматтардан кийин атайын операция жүргүзүлүп белги салынган акча каражаттары менен кумарканага кирген адамдар оюнга акы төлөп, кадимкидей эле ойноп жаткан учурда оперативдүү ыкчам топ барып, кумаркана кызматкерлери менен алардын ээлерин кармашкан.

Учурда кылмыш иши ачылып, иликтөөлөр жүрүүдө

 

Количество просмотров: 13

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда