Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» маалымат борборуна берген маегинде «борбор калаада транспорт кыймылдарына чектөө киргизүү мыйзам чегинде каралып чыгат. Бул маселе жабык эшик артында каралып, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынбайт. Мында бардык сунуш-пикирлер эске алынат”-деп ишендирди.
Ошондой эле аймактардан келген унаалардан төлөм алуу да пландалганын айтып, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуудан жактырылса, унаанын түрүнө, салмагына жана мамлекеттик номерине жараша белгилүү баалар коюлат» деди. Бишкек шаарынын мэри «бул чаралар шаар ичине кирген унаалардын санын кыскартып, жарандардын коомдук транспортто жүрүүсүн шарттайт»- деди.
Ошондой эле башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу алууга багытталган токтом коомдук талкууда жактырылса, айдоочулар унаалардын башка шаарда катталганына жана чет өлкөлүк номурлуу транспорт каражаттарына жараша төлөм төлөөрүн айтты:
Жыйымды алуу үчүн атайын төлөө пункту же автоматташтырылган жыйымды төлөө системасы уюштурулуп, акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай/электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат. Жыйымды төлөөчү 100 миң сом төлөгөн учурда автотранспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30 пайыздык жеңилдик берилет экен.