• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү токтотулат

17 Чын куран 2022 12:35 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын төмөнкү райондорунда суу берүү токтотулат.

— Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
— Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
— Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва – көчөсү – Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 453