• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

21-апрелде Кыргызстанда кандай аба-ырайы күтүлөт?

20 Чын куран 2019 19:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.04.2019.Govori.TV.

21-апрелде Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13 күндүз 17…22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

21-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашынын ыктымалы аз, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 4