Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
21-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…-6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -2…-4 градус болот.