• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

21-июлда күтүлгөн аба ырайы

20 Теке 2021 12:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 21-июлда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүз 32…34 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 636