• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«21 күн болду суу жок!». Мурдагы депутат Жолдошева Жапаров менен мэрди үйүнө конокко чакырды

19 Кулжа 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жасап, аларды үйүнө конокко чакырды.

Жолдошева 21 күндөн бери суу жок экенин айтып, төмөндөгүлөрдү жазды.

«Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Эмилбек Мырзакулович! Сиздерди үйүбүзгө жок дегенде 3 күнгө жатаар конок катары чакырууну туура көрдүм. Бирок, айрым шарттар менен… Жата турган шейшебиңерди, баклажкага сууңарды (жуунуш, даараткана барыш үчүн ж.б. Балким водовозуңарды ала келесиңер) чай, тамак ашыңарды өзүм көтөрөм. Ресторандан заказ берип, же кааласаңар резиденциядан заказ бересиңерби, аны келгениңерде чечебиз. Анткени, бизде бүгүн 21 күн болду суу жок!!! Биз аябай, чыдамкайлык, сабырдуулук менен Сиздердин жомогуңарга ишендик. Мөңгүлөр ээрибей суу жок болуп жатат деген. Кышында мөңгү ээрибейт, бирок суубуз бар эле. Акылбек Усенбекович, Эмилбек Мырзакулович мен Сиздерге миңдеген сөздөрдү жазып түшүндүргүчө, 3 эле күнгө биз суусуз өткөрүп жаткан күндөрдү бирге өткөрөлү келгиле. Бизден кийин Арча-Бешик, анан Ак-Ордо конушуна барып… Жок дегенде 2 күндөн түнөп кеткиле. Кимдин үйүндө түнөйбүз деген суроо салсаңар, каалаган үйгө кирсеңер болот. Ошондо, балким Сиздер суусу жок шаардыктарды түшүнүп, маселе чечилет беле деген ой. Маселени чечпесеңер, анда биз да өз оюбузду катуу айтууга даярбыз. Чыдамдуулуктун, сабырдуулуктун да чеги болот»,-деп жазды Жолдошева.

Количество просмотров: 140